Венгриялык балбан: мектепте кыргыздар менен тууган экендигибиз айтылчу

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловКөчмөндөр оюндарына келген венгриялык балбан Роберт Тот.
Көчмөндөр оюндарына келген венгриялык балбан Роберт Тот. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венгриялык балбан эмне үчүн кыргыз ашканасын жактырбай калгандыгын айтып берди.

ЧОЛПОН-АТА, 6-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарына келген венгриялык балбан мектепте кыргыз менен венгрлер тууган деп окутулгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Ысык-Көлдүн жээгинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин өтөт. Анда 62 мамлекеттен келген спортчулар катышып жатат. 

21 жаштагы Роберт Тоттун айтымында, ал Кыргызстанга биринчи жолу келип турат. 

"Мен кыргыз күрөш жана алыш сыяктуу спорттун этникалык түрү боюнча таймаштарга чыгып келем. Биздин топто жаачылар менен чабандестер дагы бар", — деп билдирди атлет. 

Ал мындай деңгээлдеги таймашка биринчи жолу катышып жатканын айтып өттү. 

"Албетте жеңишке жетишким келет. Бирок бул жерге абдан күчтүү спортчулар келиптир. Бир нече беттешти жеңсем абдан кубанычта болмокмун", — деп билдирди Тот. 

Красавицы на Вторых всемирных играх кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарындагы кымча бел кыйын кыздар
Спортчу Ысык-Көлдү абдан жакшы көрүп калганын айтып, бирок тамак-аштарга көнө албай жаткандыгын жашырган жок. 

"Бул жактын тамак-ашы биздикинен абдан айырмаланат экен. Венгрияда мөмө-жемиштер көп колдонулса, кыргыздар этти көп жейт экен. Бул ашказан үчүн өтө оор. Ошентсе да мага чучук абдан жакты. Шаардык архитектура шумдук болбогону менен жаратылыштын сулуулугу жакшы сакталыптыр", — деп билдирди венгриялык спортчу.

Кыргызстанга келгенинин себебин Азия элинин тарыхына болгон кызыгуу менен түшүндүрдү. 

"Мектепте окуп жүргөнүмдө венгриялыктар Европага Азиядан келгендиги жана кыргыздар менен тууган экендигибиз окутулган. Биз башка европалыктар сыяктуу эле Кыргызстан тууралуу көп нерсе билбейбиз. Ошондуктан бардыгыбызды бириктирген мындай турнирлердин өтүп турганы абдан жакшы", — деп белгиледи Тот. 

Белгилей кетсек, ДКОнун программасына улуттук спорттун 26 түрү киргизилген. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0