Өзбекстандык спортчу: жеңишибизди Каримовго арнайбыз

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловӨзбекстандык балбан Данияр Абдрахимов
Өзбекстандык балбан Данияр Абдрахимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандан келген балбан Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан, Россия жана Азербайжандын спортчулары күчтүүлөрдүн сап башында экенин белгиледи.

ЧОЛПОН-АТА, 5-сен. — Sputnik. Өзбекстандык балбан Данияр Абдрахимов өз жеңишин көзү өткөн президент Ислам Каримовго арнай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Азербайжандан келген спортчу Турал Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азербайжандан келген балбан Алиев: спортчулар үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр
3-сентябрда башталган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Анда 62 мамлекеттен келген спортчулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Абдрахимов 90 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат. Өзбекстандын командасында 14 спортчу бар. Алар Каримовдун каза болгондугу тууралуу кабарды уккандан кийин аза күткөндүктөн оюндун ачылыш аземине катышкан эмес.

"Биз үчүн бул күтүүсүз кабар болду. Кетип жатканда мындай болуп кетет деп эч ойлогон эмеспиз. Бирок спорт деген спорт. Эми биз бардык жеңишибизди биринчи президентибиз Ислам Каримовго арнайбыз", — дейт өзбекстандык балбан.

Ал ошондой эле башка спортчулар аларды моралдык жактан шыктандырып жатканын кошумчалады.

"Бул жерде бардыгы жакшы, уюштуруу иштери жана машыга турчу жайлар ойдогудай. Эл абдан меймандос экен. Биз аябай жакшы мамилеге туш болдук", — дейт спортчу.

Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Салбурун фестивалындагы ар улуттун аңчылык өнөрү
Абдрахимов Көчмөндөр оюндарына чынында күчтүү спортчулар келгенин айтып, алар дагы жеңишке жетүү үчүн бардык аракеттерин көрөрүн кошумчалады.

Ал Ысык-Көлдүн сулуулугу, Кыргызстандын көз жоосун алган жаратылышы арбап алганын жашырган жок.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0