Паралимпиадалык оюндардан четтетилген россиялык спортчуларга өзүнчө турнир башталды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПаралимпиадалык оюндар. Архив
Паралимпиадалык оюндар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык спортчуларга допинг колдонуу боюнча айып тагылгандан кийин Рио-де-Жанейродо өтө турган Паралимпиадалык оюндардан четтетилген. Бирок Владимир Путин спортчулар үчүн өзүнчө турнир уюштуруларын билдирген.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Рио-де-Жанейродо өтө турган Паралимпиада оюндарынан четтетилген россиялык спортчулар үчүн ишенби күнү Москвада өзүнчө турнир өттү. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги жазып чыкты.

Спортсмены Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Арстанбек Базаркулов и состав делегации из КР на Паралимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
КР паралимпиадачылары бүгүн түнү Риого учуп кетишет. Делегациянын курамы
Параконоэ жана парагребля боюнча турнир президенттик Кубоктун алкагында өтүп жатат. Паралимпиадалык оюндарга Александар Дупик, Леонид Крылов жана Надежда Андреева сыяктуу Россиянын эң күчтүү спортчулары катышып жатат. Бул спортчулар Риодо өтө турган Паралимпиадалык оюндарга лицензия алышкан болчу. Бирок россиялык спортчуларга "допинг колдонгон" деген айып тагылып, Паралимпиадалык оюндардан четтетилген. Анткен менен "допинг программасынын" авторлору эч кандай далил көрсөтүшкөн эмес.

Жалпы 267 спортчу оюндан четтетилген. Мындан кийин Владимир Путин Россия паралимпиадалык спортчуларга өзүнчө турнир уюштурарын билдирген.

Паралимпиадалык оюндар 7-18-сентябрь аралыгында Рио-де-Жанейродо өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0