Казакстандык футболчулардын укугун коргогон кыргыз кыздын тарыхы

© Фото / Динара Насипбаева Кыргызстандык Айгерим Сабралиева. Архив
Кыргызстандык Айгерим Сабралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар футболду түшүнбөйт деп ким айтты? Айрымдары оюндун өзүн гана жакшы билбестен, кесипкөй оюнчулардын укугун коргоп, а түгүл, Касильяс жана Месси баскан жерлерде жүрөт.

Защитник сборной Кыргызстана по футболу Виктор Майер в воинских доспехах - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футболчулары казакстандык атаандаштары менен беттеш алдында соот кийишти
Sputnik кабарчысы Алия Самидин Астанада кыргызстандык Айгерим Сабралиева менен жолугуп кайтты. Айгерим Казакстанда футболчуларын профсоюзун түзүүнү демилгелегендердин бири жана уюмдун башкы катчысы. Ал Казакстанда эле эмес, Кыргызстанда да футбол жаатында укук коргоо ишин кандайча баштаганын айтып берди. 

Кыздар кесиптик футбол ойной турганын мен билгем. Алсак, жакында эле көчө футболу боюнча жергиликтүү курама топ Глазгодо өткөн дүйнөлүк мелдеште экинчи орунду ээледи. Айгерим менен Астананын кафелеринин биринде жолуктук. Маек учурунда ал юридикалык билимин футбол менен байланыштыра алганын, натыйжада сүйүктүү иши менен алектенип, акча таап жатканын айтты.

— Чынын айтсам, кыргызстандык кыз Казакстанда футболчулардын укугун коргоп жүрөт дегенди угуп ары таң калып, ары сыймыктандым. Кандайча башталды эле?

— Футболго 14 жашымдан тарта кызыга баштадым. Англиянын Премьер-лигасын көрүп, Бишкектеги оюндарды калтырчу эмесмин. Ойноп да көрдүм, бирок сөөгүмдү кокустатып алгандан кийин күйөрмандардын катарында калууну чечтим. Мектептен кийин өкмөттөр аралык грант алып, Казакстандын алдыңкы юридикалык окуу жайларынын бири болгон КазМЮАга өттүм. Университеттин жанында Алматынын борбордук стадиону атактуу "Орталык" жайгашкан. "Кайрат" футбол клубунун күйөрмандары менен таанышып достошуп калышым спорттун бул түрүнө менин мурдагы мамилемди бекемдеди. Экинчи курстан тартып адам укуктары тармагында иш алып баруучу эл аралык уюмдар менен кызматташа баштадым. Укук коргоо тармагында канчалык көп иштеген сайын, ошол эле жол-жоболорду футболдо да пайдаланса боло турганын жана бул зарыл экенин түшүндүм. Төртүнчү курста эле ишимди футбол менен байланыштыргым келген, бирок ишти эмнеден баштоо керектигин ал кезде биле элек болчумун. 

© Фото / Зарина ОрумбаеваАйгерим Сабралиева: футболго 14 жашымдан тарта кызыга баштадым. Англиянын Премьер-лигасын көрүп, Бишкектеги оюндарды калтырчу эмесмин. Ойноп да көрдүм, бирок сөөгүмдү кокустатып алгандан кийин күйөрмандардын катарында калууну чечтим
Интервью с генсекретарем профсоюза футболистов и тренеров Казахстана Айгерим Сабралиевой - Sputnik Кыргызстан
Айгерим Сабралиева: футболго 14 жашымдан тарта кызыга баштадым. Англиянын Премьер-лигасын көрүп, Бишкектеги оюндарды калтырчу эмесмин. Ойноп да көрдүм, бирок сөөгүмдү кокустатып алгандан кийин күйөрмандардын катарында калууну чечтим

Ошол эле мезгилде журналистика боюнча да билим алып жаткам. Албетте, алгачкы жазгандарым футбол жөнүндө болду. Ага тиешелүү укуктук мүнөздөгү көйгөйлөрдү козгочумун. 2008-жылы кезектеги материалды даярдап жатып Россиянын футболисттер профсоюзу менен байланыштым. Маегибиздин акырында ал профсоюздун башкы катчысы мага үч суроо берди: 

  1. Футболду түшүнөсүзбү? 
  2. Англисче билесизби? 
  3. Юридикалык билимиңиз барбы?

Бардык суроолорго "ооба" деп жооп бердим. Ошондон кийин мени Футболисттердин дүйнөлүк профсоюзунун (ФДП) жолугушуусуна Москвага чакырышты. Алар өз мейкиндигин кеңейтүүнү пландап, уюмга Казакстан да кирген экен. Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин мага уюмдун Казакстандагы өкүлү болууну сунушташты. Ошентип мен 2008-жылда бери ФДП менен кызматташып келем. 

— Казак спортчуларынын ишенимине кантип кирдиңиз?
— Бул узак жана татпал жол болду. 2008-жылдан баштап кесипкөй оюнчулардын башын бириктирүү боюнча үзгүлтүксүз үгүт иштери жүргүзүлүп, бул үчүн жеке жана жамааттык жолугушуулар, презентациялар, ЖМКларга чыгуулар уюшулду. Мен айрым оюнчуларга көмөктөшүп, кеңеш берип жүрдүм. Бирок айрым ийгиликтерге карабай, оюнчулардын ишенимине дароо эле жетише алган жокмун, буга убакыт керек болду. Профсоюз түзүү үчүн биринчи кезекте биздин максаттар менен баалуулуктарды колдоого даяр, учурда ойноп жаткан футболчулар керек эле. 

— Буга канча убакыт кетти?
— Беш жыл. 2008-жылдан 2013-жылга чейин. 2013-жылы декабрда оюнчулар Казакстандын бардык футболисттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой турган көз карандысыз уюм уюштурууга ниетин билдирди. Бүгүнкү күндө бизге 600гө жакын оюнчу мүчө. 

— Менин билишимче, Кыргызстанда мындай бирикме жок. Эмнеге?

Актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов. - Sputnik Кыргызстан
Каскадер Адилет Акматов: 50дөн ашык жаракат алып, өрттөнүп да кеткем
— Профсоюз түзүш үчүн футболчуларды биригүү ниети, ошондой эле олуттуу себеп жана каржылык колдоо болушу керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай бирикме түзүү үчүн чоң зарылчылык жок. Бирок кээде биздин футболчуларда да көйгөйлөр болот. Мисалы, эки жыл мурун "Алга" футбол клубунун оюнчуларына бир канча убакыт маяна төлөшкөн эмес. Чет мамлекетке барып ойногондор айлыгын жана башка төлөмдөрдү ала албай кыйналышат. Бирок мындай кыйынчылыктар массалык мүнөзгө ээ эмес. Кыргызстандык балдар кеңеш сурап көп кайрылат. 

— Көйгөйлөр кантип чечилет?
— Ал көйгөйдүн өзүнө жана уюм ким тарабынан каржыланышына жараша болот. Ар бир өлкөдө спорттун бул түрүнүн өнүгүшүнө Футбол федерациясы жооп берет. Ал оюнчулардын укуктарын коргоонун жол-жоболорун сунуштайт. Мен КРдин Футбол федерациясында иштегем. Ошол жол-жоболорду иштеп чыгууга катышкам, алар кандайча иштеши керектигин билем. Маселени чечүүнүн жолун билсең жана федерация тараптан аны чечүүгө саясий эрк болсо, баары оңой чечилет. 

— Футболчуларды сотто коргогон учур болду беле?
— Ооба. Азыр сотко кайрылуулар көбөйдү. Спортчу Футбол федерациясынын тийиштүү органдарына кайрылууга акылуу. Эгер ал жакта талаш чечилбесе, жарандык сотко кайрылуу укугунан пайдалана алышат. Көп учурда талаш-тартыш айлык, "подъемный" деп аталчу жөлөк акча жана бонустарды, операция болгондугу үчүн компенсацияларды төлөп берүүгө байланыштуу болот. 

— Эгер азиялык эмес, Европа өлкөлөрүнүн биринде иштесеңиз, мунун баары кандайча болот эле?
— Жакында эле футбол жаатындагы атка минерлердин бири мага: "билесиңби, сен Азияда иштеп жолуң болуптур. Европада, мисалы, Францияда иштесең, Казакстанда жеткениңе жетпейт болчусуң. Бизде аялдарды сыйлап, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк беришет" деди. Дүйнө боюнча футболисттердин 68 профсоюзу бар, бирок үч өлкөдө гана кыздар жетекчилик орунду ээлейт. 

© Фото / Зарина ОрумбаеваАйгерим Сабралиева: көп учурда футболчулардын талаш-тартыш айлык, "подъемный" деп аталчу жөлөк акча жана бонустарды, операция болгондугу үчүн компенсацияларды төлөп берүүгө байланыштуу болот
Интервью с генсекретарем профсоюза футболистов и тренеров Казахстана Айгерим Сабралиевой - Sputnik Кыргызстан
Айгерим Сабралиева: көп учурда футболчулардын талаш-тартыш айлык, "подъемный" деп аталчу жөлөк акча жана бонустарды, операция болгондугу үчүн компенсацияларды төлөп берүүгө байланыштуу болот

— Эркектердин арасында ийгиликтүү иштөөнүн сыры эмнеде?
— Жакшылыкка ишеним, өжөрлүк жана футболго болгон чексиз сүйүүм жардам берет. Биз туура иш жасап жатканыбызга көзүм жетет. 

— Ал эми жашооңузга футбол кандай таасир кылды?
— 14 жашымда география менен англис тилин үйрөнө баштадым. 

— Фанаттар футболчуларды көргөндө сүйүнгөнүнөн боздоп ыйлаганы тартылган видеолор Интернете көп. Сиз да Роналдунун күйөрманы болсоңуз керек, футболчулар менен түшкөн сүрөттөрүңүздү да топтоп дегендей…

Футбол стадионундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Бишкектеги жардыруу Кыргызстан — Казакстан беттешине таасир бербейт
— Роналду улуу спортчу экени талашсыз, бирок мен анын күйөрманы эмесмин. Оюнчулар менен чанда бир сүрөткө түшөм, кол тамга да чогултпайм. Көпчүлүк футболчулар жана машыктыруучулар менен иш-чараларда кесиптеш катары жолугушабыз. Мен Казакстандын атынан, алар өз өлкөлөрүнүн атынан келип, ушул тармактагы көйгөйлүү суроолорду талкуулайбыз. Андыктан мен кимдир-бирөө менен сүрөткө түшүү жөнүндө ойлонбойм дагы. Бирок быйыл Миланда өткөн Чемпиондор лигасына өз жолум менен барганымда Мальдини жана Липпи менен бир-эки сүрөткө түшүп койдум. 

— Пландарыңыз кандай?
— Казакстанда профсоюз көрсөтүп жаткан кызматтардын санын кеңейтким келет. Оюнчулардын билим алышына жетишсем, спорт менен кош айтышкандан кийин социалдык жактан ыңгайлашып жашап кетүүсү камсыз болсо дейм. Коңшулаш өлкөлөрдө да ушундай уюмдарды иштетүү жөнүндө кыялым бар. Оюнчулардын укуктук аң-сезими жана билими канчалык жогору болсо, алар көрсөткөн оюн да ошончолук мыкты болот деген ишеничтемин.

Жаңылыктар түрмөгү
0