Валентина Шевченко UFC менен 7 беттеш өткөрүүгө келишим түздү

© AP Photo / Nam Y. HuhЭрежесиз эр уруш боюнча, муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Валентина Шевченко. Архив
Эрежесиз эр уруш боюнча, муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы түзүлгөн контракттын негизинде кыргызстандык спортчу жети беттеш өткөрөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эрежесиз эр уруш боюнча, муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Валентина Шевченко Ultimate Fighting Championship (UFC) менен жаңы келишим түздү. Бул тууралуу MMA Fighting расмий сайты кабарлайт.

Ал эми бул жаңылыкты Шевченко Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты. 

"Мурунку түзүлгөн контракттын негизинде Шевченко үч кармаш өткөрүп экөөсүндө жеңишке жетсе (Холли Холм жана Сару Кауфман), бирөөсүндө жеңилүү (Аманды Нуньес) ызасын таткан", — деп жазат MMA Fighting. 

UFC менен түзүлгөн жаңы контракттын негизинде спортчу жети беттеш өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0