Аманкулов: Кыргызстан Артыковдун медалы үчүн аягына чейин күрөшөт

© AFP / GOH Chai HinТяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг.
Тяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайкы Олимпиададан Кыргызстандан барган спортчулардын ичинен жалгыз оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль алган. Бирок WADA канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылгандыктан, аны байгесинен ажыратып койгон.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстан оор атлетчи Иззат Артыковдун коло медалы үчүн аягына чейин күрөшө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Жайкы Олимпиададан Кыргызстандан барган спортчулардын ичинен жалгыз оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль алган. Бирок WADA канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылгандыктан, аны байгесинен ажыратып койгон

"Биз багынып берген жокпуз. Коло медалды кайрып алуу үчүн аягына чейин күрөшөбүз. Учурда машыктыруучудан жана спортчудан көрсөтөмөлөр жазуу түрүндө алынды. Анын баарын Спорттук арбитраждык сотко жөнөтөбүз", — деди Аманкулов. 

Ал бул иштин жыйынтыгы бир канча айдан кийин дайын боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0