Чемпиондор лигасы: командалардын тайпадагы атаандаштары аныкталды

© REUTERS / ERIC GAILLARDЖеребьевка группового этапа Лиги чемпионов 2016-2017 годов
Жеребьевка группового этапа Лиги чемпионов 2016-2017 годов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын башкы турниринин Кубогу учурда мадриддик "Реал" командасында.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Монакодо Чемпиондор лигасынын 2016-2017-жылдагы тайпалык этабынын чучу кулак кармоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу UEFA сайтында жарыяланды.

Мында Европанын мыктысы болуу үчүн 32 команда ат салышат.

Чучу кулактын жыйынтыгы менен тайпалар төмөнкү командалардан түзүлдү:

  • "A": Пари-Сен-Жермен" Франция, "Арсенал" (Англия), "Базель" (Швейцария), "Лудогорец" (Болгария); 
  • "B": "Бенфика" (Португалия), "Наполи" (Италия), "Динамо Киев" (Украина), "Бешикташ (Түркия);
  • "С": "Барса" (Испания), "Манчестер Сити" (Англия), "Боруссия Менхенгладбах" (Германия), "Селтик" (Шотландия);
  • "D": "Бавария" (Германия), "Атлетико" (Испания), "ПСВ" (Голландия), "Ростов" (Россия);
  • "E": ЦСКА (Россия), "Байер Леверкузен" (Германия), "Тоттенхэм" (Англия), "Монако" (Франция);
  • "F": "Реал" (Испания), "Боруссия Дортмунд" (Германия), "Спортинг" (Португалия), "Легия" (Польша);
  • "G": "Лестер Сити" (Англия), "Порту" (Португалия), "Брюгге" (Бельгия), "Копенгаген" (Дания);
  • "H": "Ювентус" (Италия), "Севилья" (Испания), "Лион" (Франция), "Динамо" (Хорватия). 

Европалык башкы турнирдин финалдык бөлүгү 3-июнь күнү Уэльстин борбору Кардиффадагы улуттук стадиондо өтөт.

Ал эми учурда жылдын мыктысы болуп "Реал Мадрид" командасы эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0