Бишкекте Эгемендүүлүк күнү Көк бөрү жана ат оюндары боюнча турнир өтөт

Жазылуу
Ат оюндары боюнча мелдештин үч түрү көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле улуттук көк бөрү оюну да тартууланат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Бишкек калаасынын "Ак-Кула" ат майданында ат оюндары болот. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, ат оюндары боюнча кунан чабыш, жорго чабыш, ат чабыш болуп, мындан тышкары, иш-чаранын алкагында көк бөрү оюну да тартууланат. 

Мелдешке Бишкек жана Ош шаарынын командалары катышат. 

Эскерте кетсек, 31-августта өлкө Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0