Олимпиадага катышкан КР спортчуларынын калганы эртең өлкөгө учуп келет

© Фото / Кабыл МакешовОлимпиадага барган спортчулар. Архив
Олимпиадага барган спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы Олимпиада бизге оңой турган жок. Жападан жалгыз медаль алган Иззат Артыков да байгесинен ажырап калды.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын күрөш жана жеңил атлетика боюнча Олимпиадага катышкан спортчулары мекенине эртең кайта турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды
Эскерте кетсек, Олимпиадага Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Жанарбек Кенжеев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айаал Лазерев жана Айсулуу Тыныбековалар катышкан. Алар менен бирге жеңил атлетчи Илья Тяпкин Бишкекке 24-август күнү саат 8.45те учуп келишет.

Буга чейин кыргызстандык команданын алгачкы тобу келген.

Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган. Оор атлетчи Иззат Артыков коло медалга ээ болуп, бирок канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген кине менен байгесинен ажыратылган. Ошентип Кыргызстан быйыл да байгеден куру жалак калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0