Рио-2016: Айаал Лазаревдин атаандашы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе
Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Лазарев күрөш боюнча Европа чемпионатында күмүш тагынган балбан менен тиш кайрашат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Айаал Лазарев 1/8 финалда польшалык балбан Роберт Баран менен кармашат.

Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
The Guardian: Артыковдон допинг табылганын Эл аралык федерация далилдеши керек
125 килограмм салмактык категориядагы спортчулардын 1/8 финалдык беттештери 20-август күнү Бишкек убактысы боюнча 19:48де башталат.

Польшалык балбан Роберт Баран Европа чемпионатында күмүш медаль тагынган жайы бар.

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен бир гана Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло тагынган. Анткен менен спортчунун канынан допинг табылып, өлкө жалгыз медалынан кол жууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0