Спорт агенттигинин башчысы: Тыныбекова медалын атаандашына "белек" кылып койду

© Фото / пресс-служба ГАФКиСЖаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов. Архив
Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан кыз коло медаль үчүн беттеште жеңилип калды.

РИО-ДЕ-ЖАНЕЙРО, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова коло медалын индиялык атаандашы Сакши Маликке "тартуулап" койду. Мындай пикирин Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов КР делегациясынын маалымат катчысы Кабыл Макешовго билдирген.

Кечээ, 17-август күнү Тыныбекова килемге чыгып, коло медаль үчүн беттешүүдө жеңилип калган. Ага чейин балбандын финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок жарым финалда россиялык Валерия Кобловага алдырып койгон.

Аманкулов алгачкы беттешүүлөрүн Тыныбекова жогорку чеберчиликте өткөргөнүн белгилейт.

"Аракет кылып финалга чыгыш керек болчу. Коло медаль үчүн беттешүүдө 5:0 эсеби менен жеңип баратып, тактикалык катачылыктан улам алдырып койду. Медалын жөн гана атаандашына берип койду десек болот", — деди Аманкулов.

Рио Олимпиадасына Кыргызстандын атынан 19 спортчу кеткен. Медаль үчүн эми балбандар Магомед Мусаев, Айаал Лазарев жана жөө күлүк Илья Тяпкин гана ат салыша алат.

Кыргызстандын куржунунда азырынча оор атлетчи Иззат Артыков алып келген бир гана коло медаль бар.

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0