Неймардын тобу жалпы Олимпиада тарыхындагы эң бат киргизилген гол болду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБразилия курама командасынын капитаны жана "Барсанын" четки чабуулчусу Неймар. Архив
Бразилия курама командасынын капитаны жана Барсанын четки чабуулчусу Неймар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рекорд 2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасынан бери кармалып келген. Анда оюндун 29-секундасында Мексика курама командасынын чабуулчусу Орибе Перальта гол киргизген.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бразилия курама командасынын капитаны жана "Барсанын" четки чабуулчусу Неймардын голу Олимпиада оюндарынын тарыхында эң кыска убакытта киргизилген топ болгонун The Goal спорттук-маалыматтык сайты билдирди.

​Оюндун жарым финалынын 14-секундасында Неймар Гондурастын коргоочусу кетирген катачылыктан пайдаланып, гол киргизген. Муну менен бразилиялык чабуулчу жаңы олимпиадалык рекорд жаратты.

Олимпиада 2016. Регби. Мужчины. Предварительный раунд - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада учурундагы күлкүлүү сүрөттөр
Мурунку рекорд 2012-жылкы Лондон Олимпиадасында 29-секундда гол киргизген мексикалык спортчу Орибе Перальтага таандык. Бул Олимпиадада Гондурастын чабуулчусу Альберт Элистин 30-секундада тээп киргизген голу эң ыкчам топ деп саналып келген.

"Маракана" стадионунда өткөн жарым финалдык беттешүү 6:0 эсеби менен бразилиялыктардын пайдасына аяктады. Эми финалдык оюнда аталган команда 2:0 эсеби менен Нигериянын футболчуларын утуп алган германиялыктар менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0