Рио-2016: Олимпиадада бүгүн Казакстандын намысын коргогон кыргыз кызы килемге чыгат

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүКырдар арасында күрөш. Архив
Кырдар арасында күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин күрөшү боюнча 48 килоргаммга чейинки салмакта 1/8 финалдагы аялдар арасында кыргыз кызы Жылдыз Эшимова (Казакстан) жапониялык Ери Тосака менен беттешет.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Казакстандын курамында күч сынаша турган кыргыз кызы Жылдыз Эшимова бүгүн, 17-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до килемге чыгат. Бул тууралуу КРдин делегациясынын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Эркин күрөш боюнча 48 килограммага чейинки салмакта 1/8 финалдагы аялдар арасында кыргыз кызы Жылдыз Эшимова (Казакстан) жапониялык Ери Тосака менен кезигет.

Белгилей кетсек, Риодогу жайкы Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчуларыны ичинен азырынча Иззат Артыков гана коло медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0