Кыл чайнашкан кармаштар: Айсулуу Тыныбекова менен беттеше турган балбандар видеодо

Жазылуу
58 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышчу спортчу Панамерикалык оюндардын байге ээси бразилиялык балбан менен күч сынашмай болду. Дүйнөлүк күрөш уюму бүгүн килемге чыкчу балбандардын видеосун жарыялады.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: бүгүн күч сынашчу Айсулуу Тыныбекова тууралуу 5 факты
Олимпиаданын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Тыныбекова менен Сильванын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 20.12де өтөт. 

Айсулуу Тыныбекова — Азиянын учурдагы чемпиону, Лондон Олимпиадасынын катышуучусу, спорттун эл аралык класстагы чебери. Олимпиаданын алдында Американын Gracenote аналитикалык компаниясы Тыныбекова коло медалга ээ болорун божомолдогон.

Өлкө тарыхында эркин күрөштөн олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы карлыгач Айсулуу Тыныбекованын интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0