Көчмөндөр оюнунда эр эңишке чыкчу эрендер аныкталды

Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюнуна катыша турган Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Эр эңиш — ат үстүндөгү балбандарды күрөшү.

"Командага ар кыл салмак категориясындагы үч спортчу кирди. Алар — Калыбек Бусурманкул уул (70 кг чейин), Маратбек Алтымышев (90 кг чейин) жана Канатбек Асанов (90 кг жогору). Команданын курамы жакында эле өткөн Кыргызстандын чемпионатынын жыйынтыгы менен бекитилди. Спортчулар башкы машыктыруучу Ниязбек Курманкуловдун жетекчилиги алдында чыгышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0