ММА боюнча эрежесиз эр урушта кыргызстандык мушкер жеңилип калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрежесиз эр уруш боюнча кыргызстандык спорчту Тилек Батыров. Архив
Эрежесиз эр уруш боюнча кыргызстандык спорчту Тилек Батыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Батыровдун бразилиялык атаандашы Адриано Мораес беттешүүдө муунтуу ыкмасын колдонгон.

БИШКЕК, 15-авг — Sputnik. Эрежесиз эр уруш боюнча кыргызстандык спорчту Тилек Батыров ONE Championship турниринин алкагында бразилиялык Адриано Мораеске жеңилип калды. Бул тууралуу турнирдин расмий сайты кабарлайт. 

Эскерте кетсек, Батыров буга чейин катуу жаракат алган Эндрю Леоненин ордуна чыккан

ONE Championship 45: Heroes of the World аталышындагы беттеш ишемби күнү Макао шаарында өткөн. Уруштун жүрүшүндө бразилиялык спортчу Батыровду муунтуу менен жеңишке жеткен. 

​Батыровдун Адриано Мораес менен кармашуусу кыргызстандык спортчу үчүн дебют болду. Ал жакында эле ONE Fighting Championship (ONE FC) менен келишим түзгөн. 

27 жаштагы Батыров профессионалдык ринггде 11 беттеш өткөрүп, анын 10ун утуп алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0