Олимпиада оюндарында Рамоновго ким каршы чыгат?

Жазылуу
Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча эң оор салмактагы (130 килограмм) спортчулар арасында жеңүүчү менен байгелүү орундун ээлери аныкталат. 19 спортчунун катарында кыргызстандык Мурат Рамонов бар.

Рио-де-Жанейро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: бүгүн килемге чыкчу Кенжеев менен Рамоновдун атаандаштары аныкталды
Биринчи кармашта Рамонов Дүйнө кубогунун байге ээси жана Россиянын чемпиону Сергей Семенов менен кармашат. Эгер аны жеңип кетсе, 1/8 финалдык оюнда өзбекстандык Муминжан Абдуллаев менен беттешет.

Күйөрмандар балбандарды Бириккен күрөш дүйнөсү жарыялаган видеороликтен көрө алышат. Роликте Олимпиадалык оюндардын эки жолку чемпиону Михаин Лопес, Рамонов жана башка спортчулардын техникасы чагылдырылган.

Лезгинканы катыра бийлеген балбан Мурат Рамонов тууралуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0