Рио-2016: бүгүн килемге чыкчу Кенжеев менен Рамоновдун атаандаштары аныкталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРио-де-Жанейро. Архив
Рио-де-Жанейро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбандардын беттеши Бишкек убактысы боюнча 19.00дө болот.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн, 15-август күнү Олимпиаданын грек-рим күрөшү боюнча беттешүүгө чыга турган Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамоновдун атаандаштары аныкталганын КР делегациясынын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

© Фото / из личного архива Мурата РамоноваАзиянын көп жолку чемпиону Мурат Рамонов.
Азиянын көп жолку чемпиону Мурат Рамонов. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Азиянын көп жолку чемпиону Мурат Рамонов.
© AFP / PRAKASH SINGHГрек-рим күрөшчү Жанарбек Кенжеев.
Грек-рим күрөшчү Жанарбек Кенжеев. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Грек-рим күрөшчү Жанарбек Кенжеев.
1/2
Азиянын көп жолку чемпиону Мурат Рамонов.
2/2
Грек-рим күрөшчү Жанарбек Кенжеев.

Анын айтымында, 85 жана 130 килограммдык салмак категориясында күч сынашуу Рио убактысы менен саат 10.00дө, ал эми Бишкек убактысы боюнча 19.00дө болот.

Борец греко-римского стиля из Кыргызстана Арсен Эралиев во время схватки за бронзовую медаль с соперником из Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жан үрөп таймашкан Арсен Эралиев өзбекстандык атаандашынан утулуп калды
1/16 финалда Кенжеевдин алгачкы атаандашы германиялык Денис Кудла болмокчу. Ал 2016-жылы Европа чемпионатында коло байге уткан. Жанарбек 2016-жылдын Азия чемпиону жана Азия оюндарынын үч жолку коло байге ээси. Эгер Кенжеев германиялык балбанды жеңсе, 1/8 финалда грузиялык же мексикалык балбандар менен күч сынашат. 

130 килограмм салмактан жогорку категориядагы балбандардын таймашында жаштар арасында Азиянын көп жолку чемпиону Мурат Рамоновдун алгачкы атаандашы орусиялык Сергей Семенов болмокчу. Орусиялык балбанды утуп алса, Мурат 1/8 финалда өзбекстандык Муминжан Абдуллаевге туш болот. 

Эскерте кетсек, кечээ, 14-августта 59 килограммдык салмак категориясында Арсен Эралиев килемге чыгып, коло медаль үчүн болгон беттешүүдө өзбекстандык балбандан утулуп калды. 

Балбан Жанарбек Кенжеевдин интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0