Рио-2016: балбан Арсен Эралиев коло медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу алгачкы атаандашы финалга чыккандыктан коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев Рио Олимпиадасынын коло медалы үчүн ат салыша турган болду. Бул тууралуу КР олимпиадалык делегациянын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Жекшемби күнү кыргызстандык спортчу 59 килограммдык салмак категориясында килемге чыгып, атаандашы кубалык балбан Исмаэл Борреро Молинадан 3:6 эсеби менен утулуп калды.

Экс-министр внутренних дел, вице-президент Объединенной федерации борьбы Мелис Турганбаев в Рио-Де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Экс-министр Мелис Турганбаев балбандарды колдоо үчүн Риого барды
Макешовдун айтымында, кыргызстандык спортчу Борреро Молина финалга чыккандыктан дагы бир мүмкүнчүлүккө ээ болуп отурат. Эми Эралиев кытайлык Ван Луминь менен таймашат. Бул беттешүүдөн утуп чыккан балбан жарым финалга чыгып, коло медаль үчүн ат салышат. Ал эми финалга чыккан спортчуга Ɵзбекстандык Элмурат Тасмурадов атаандаш болот. Беттешүү Бишкек убактысы боюнча түнкү 12ден өткөндөн кийин көрсөтүлөт.

Кыргызстандын куржунунда азырынча бир эле коло медаль бар. Аны оор атлетчи Иззат Артыков жеңип алган.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0