Кыргызстан FIFA рейтингинде бир тепкичке төмөндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы беттешке даяраднууда. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы беттешке даяраднууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк алдыңкы үч орунду Аргентина, Бельгия жана Колумбия ээлеп турат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама тобу FIFA түзгөн жаңы рейтингде 105-орунду ээледи. 

Июндагы рейтингде курама топ 104-орунда турган. Август айында чыккан рейтингге караганда 105-орунду Кыргызстан менен Сириянын курама топтору ээлеген. 

Президенттин мактоосуна арзыган кыргызстандык футболчу кыздардын сүйүнүчү - Sputnik Кыргызстан
Президенттин мактоосуна арзыган кыргызстандык футболчу кыздардын сүйүнүчү
Бишкекте 30-август күнү кыргыз курама тобу менен жолдоштук оюн көрсөтө турган казак курама тобу 96-орунда. 

Айдын эң мыкты курама тобу катары Түндүк Корея таанылды. Алар 18 тепкичке алдыга жылып, 99-орунду ээлешти. 

Ал эми начар көрсөткүчтү Куба мамлекетинин футболчулары көрсөткөн. Алар 30 тепкичке артка кетип, 151-орунду ээлешти. 

Дүйнөлүк алдыңкы үч орунда Аргентина, Бельгия жана Колумбия турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0