Кыргызстандын жаш футболчулары CAFA кубогунда "күмүш" жеңип алышты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТоп. Архив
Топ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама тобу кошумча убакыт алуу үчүн эсепти теңдей албай калды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары (19 жашка чейинки) Ташкентте өткөн CAFA кубогунда экинчи орунду ээлешип, "күмүшкө" татыктуу болушту. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. 

Финалдык беттеште Кыргызстан менен Өзбекстандын курама топтору ойношкон. 

Рио-2016: жеңиштин көз жашы жана күйөрмандардын сүрөөнү - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: көөдөнгө батпаган кубаныч жана күйөрмандардын сүрөөнү
Эки тарап кызыктуу оюн көрсөтүштү. Гол киргизүүгө эки тараптын тең чоң мүмкүнчүлүктөрү болгон. Оюндун 28-мүнөтүндө өзбекстандык футболчу Исломбек Кобиров гол киргизген. Андан үч мүнөт өткөндөн кийин Кобиров кыргызстандык спортчуну жөөлөп кетип, арбитр аны оюндан четтетти. 

Экинчи тайм дагы абдан кызыктуу өттү. Өзбекстандын бир оюнчусу четтегени менен Кыргызстандын коргоочуларына коркунучтарды жаратпай коюшкан жок. 71-мүнөттө өзбек чабуулчусу Кудайбердиев менен голкипер жалгыз калган, бирок дарбазачы мыкты даярдыгын көрсөттү. 

Экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө оюн кызуу жүрдү. Бирок кыргызстандык спортчулар эсепти теңдей албай 1:0 эсебинде жеңилип калышты. CAFA кубогу Ташкентте калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0