Рио-2016: бактысын бүгүн сынай турган Иззат Артыков тууралуу 5 факты

© пресс-служба ГАМФКиСОор атлетчи, Азия чемпиону, оор атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери Иззат Артыков. Архив
Оор атлетчи, Азия чемпиону, оор атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүндөй Ала-Тоо боорундагы кыргыз жумурияты үмүт кылып отурган Иззат Артыковдун бактысын сыначу убакыт келип калды. Буюрса аз убакыт ичинде Иззат ийгиликти багынтат деген үмүт менен балбан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Риодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндары башталганына төрт күн болду. Анткен менен Кыргызстандын атынан аттанып кеткендердин төртөө спорт талаасынан бактысын сынап көрүп, ийгиликке жете алган жок. 

Олимпиада 2016. Бокс. Мужчины. Предварительный раунд. Категория до 81 кг - Sputnik Кыргызстан
Рио Олимпиадасында таймашып жаткан кыргызстандык спортчулар сүрөттө
Жайкы Олимпиадалык оюндар 5-августта башталып, 21-августка чейин уланат. 

Буюрса эртең таң ата (10-августка караган түнү Бишкек убактысы менен таңкы саат 4.00дө) кыргызстандык оор атлетчи, Азия чемпиону, оор атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери Иззат Артыков килемге чыгат. Бүтүндөй кыргыз журтчулугу үмүт артып турган балбан жигитибиз тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. 

  1. Иззат Артыков быйыл 23 жашка толору менен үйлөнүп, учурда келинчеги экөө наристе күтүп жатышат. Болочок ата экинчи классынан бери спорт менен машыгып келет. 
  2. Спортчу 150 килограммдык штанганы жулкуп көтөрүп, 188 килограмм штанганы түртүп көтөрүп 69 килограмм салмакта Кыргызстан боюнча рекорд жараткан. 
  3. Артыков алгач күрөш менен машыккан. Насаатчылардын сунушу менен оор атлетикага өткөн.
  4. Устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаров. Иззат Үсөнкан агайдын колуна 7-классында келген. Ошондон бери тапталып келет. 
  5. Артыков алгачкы жолу Олимпиада оюндарына катышууда. Анткен менен ал күчтүү деген "А" тайпасында күч сынашып, негизги атаандаштары мексикалык, колумбиялык, кытайлык, кореялык, түркиялык балбандар болуп саналат.

Риодогу Олимпиадада улуттук кураманын ар бир спортчусунун чыгар күнү жөнүндө Sputnik Кыргызстан инфографикасынан билиңиз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0