Рио-2016: бүгүн КР спортчулары дзюдо, бокс, оор атлетика боюнча күч сынашат

Жазылуу
Бүгүн таңкы саат 5.00дө жайкы Олимпиада расмий ачылды. Андагы параддан 207 мамлекеттен келген 12 миң спортчу басып өттү.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан XXXI жайкы Олимпиада оюндарынын алгачкы күнү кыргызстандык спортчулар дзюдо, бокс, оор атлетика боюнча беттештерге чыгат. Бул тууралуу делегациянын маалымат катчысы Кабыл Макешов жеринен билдирди.

Атлеты сборной Кыргызстана во время парада атлетов и членов национальных делегаций на церемонии открытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро. - Sputnik Кыргызстан
Салам, Олимпиада! Оюндардын ачылыш салтанатынан алынган кадрлар
Анын айтымында, биринчи болуп 6-августта таймашка 60 килограмм салмакта дзюдочу Отар Бестаев чыгып, атаандашы египеттик Абелрахман Ахмед менен беттешмекчи. Дзюдо күрөштөрү Рио убактысы боюнча саат 10.00дө башталып, бул Бишкек убактысы менен саат кечки 7.00гө туура келет. 

Мындан тышкары, бокс боюнча 81 килограмм салмакта Эркин Адылбек уулу колумбиялык Хуан Карлос Паласио менен күч сынашат. Бишкек убактысы боюнча беттешүү 7-августка караган түнү саат 02:00дө болот. 

Ошондой эле оор атлетика боюнча 48 килограмм салмакта Жаңыл Окоева мелдешке чыгат. Оор атлетчилердин мелдеши дагы 7-августка караган түнү саат 04:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу катышууда. Иш-чара 5-21-август күндөрү өтөт.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0