Мушкер Аманда Нуньес Валентина Шевченкону "жыга чабам" деп сөз берди

© REUTERS / Mark J. RebilasUFC боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холм. Архив
UFC боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Шевченко UFC боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холмду утуп алган. Оюндун соңунда Шевченко Аманда Нуньести реваншка чакырган. Шевченко андан март айында утулуп калган болчу.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. UFC боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холмду утуп алган Валентина Шевченко оюндун соңунда бразилиялык мушкер Аманда Нуньести реваншка чакырды.

Нуньес менен Шевченко март айында беттешип, кыргызстандык спортчу упай боюнча уттуруп жиберген.

Кыргызстандык тайбоксчу Шевченко Холмду утуп алгандан кийин "Нуньес коркуп калса керек" деп айтканын MMA расмий сайты белгиледи.

"Мен беш раундга чыкканга даярмын. Кийинки беттеште мен ким болбосун чыгам, бирок Аманда Нуньес коркуп калса керек", — дейт Валентина Шевченко.

Ал ортодо бразиялиялык мушкер көп күттүрбөстөн эле өзүнүн Twitter баракчасына "кыргызстандык спортчу өзүн көрсөтүшү керек" деген билдирүү жазды.

"Мен биринчи беттешти калыстардын чечими менен утуп алдым. Эгер аны менен дагы кездеше турган болсо, бул жолу да сабап коем. Бул жолу баары ачык-айкын болот", — деп Аманда Нуньес пикирин калтырган.

Ultimate Fighting Championship — Түндүк Америка, Европа жана Азияда аралаш мушташ боюнча мелдештерди өткөрүүчү спорттук уюм. Анын башкы кеңсеси Лас-Вегаста (АКШ) жайгашкан.

Валентина Шевченконун жеңишке жеткен кубанычын Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0