КР футболчусу Исраилов эми Украиналык "Черкасский Днепр" клубунда ойнойт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутболчу топ менен. Архив
Футболчу топ менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу 2008-жылдан бери Киевдин "Динамо-2" клубунда ойноп келген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраилов карьерасын Украиналык "Черкасский Днепр" командасында улантат. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.

Исраилов аталган клуб менен эки жылдык келишимге кол койду.

Оюнчу 2008-жылдан бери Киевдин "Динамо-2" клубунда ойноп келген. Аталган клуб 2015-2016-сезондон соң жоюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0