Валентина Шевченко ири беттеш алдындагы машыгып жаткан видеосун жарыялады

© Фото / пресс-служба федерации тайского бокса КРВалентина Шевченко машыгууда. Архив
Валентина Шевченко машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевчонконун атаандашы Холли Холмс UFC (Ultimate Fighting Championship) турниринин мурунку чемпиону болгон.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, муай тай, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир канча ирет чемпиону Валентина Шевченко UFC (Ultimate Fighting Championship) турниринин мурунку чемпиону Холли Холмс менен боло турган беттешке карата даярдыгы тууралуу видеону жарыялады.

Аталган беттеш үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү Чикаго шаарында өтөт.

 

Опубликовано Valentina Shevchenko 21 июля 2016 г.

КРдин муай-тай федерациясынын президенти Елена Шевченконун айтымында Валентинанын даярдыгын көрүү үчүн келген көптөгөн күйөрмандары, аны менен эстеликке сүрөткө түштү.

Валентина Шевченко 62 салмактык категориясында кармашса, атандаашы Холм 61 салмакта беттешке чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0