КРдин курама командасы ФИФАнын рейтингинде 7 сапка көтөрүлүп, 104-орунга чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасынын 341 упайы бар. Рейтингдин көч башында мурдагыдай эле Аргентина, Бельгия менен Колумбия келе жатат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 104-орунга көтөрүлдү. Бул туурасында федерациянын расмий сайтында маалымдалды.

Якутияда өтүп жаткан Азия балдары-2016 эл аралык спорт оюндарында кыргызстандык спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия балдары" спорт оюндарында Кыргызстан алгачкы алтынга ээ болду
Улуттук курама команда жети сапка жогорулап, Сирия менен чогуу 104-орунга татыды. Ошентип команданын упайлары 28ге көбөйүп, ал 341ди түздү.

Бул жылы Кыргызстан болгону эки гана оюн өткөрдү. Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун жыйынтыктоочу оюнунун алкагында Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп алган. Ал эми 7-июнда Ирандын командасы менен болгон жолдоштук беттеште аларга 0:6 эсебинде утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0