Sputnik Рио Олимпиадасынын курама командалары менен тааныштырат

© AFP / YASUYOSHI CHIBAРио олимпиадасынын логотиби. Архив
Рио олимпиадасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Риодогу Олимпиаданын жаңылыктары менен Sputnik агенттигинин порталында жана соцтармактардан таанышууга болот.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Быйыл Рио-де-Жанейродо өтө турган XXXI жайкы Олимпиаданы утурлай Sputnik эл аралык маалымат агенттиги менен радиосу РИО 2016 атайын рубрикасын сунуштап, Армения, Белоруссия, Молдова, Азербайжан жана Кыргызстан командаларынын спортчулары жана алардын таймашы тууралуу айтып бермей болду.

лицензия алган жөө күлүк Юлия Андреева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстандын үмүтү — жөө күлүк Юлия Андреева
Улуттук курама командалардын актуалдуу жаңылыктарынын баарын Sputnik агенттигинин кабарчылары Бразилиянын борбор калаасынан "Жаңылыктар" рубрикасынан сүрөт, видео форматтарда чагылдырып турат. Интерактивдүү инфографика аркылуу Олимпиада оюндарынын 120 жылдык тарыхындагы рекорддорду сунуштайт. Июлдун аягында окурмандан он-лайн режиминде улуттук курама командалардын курамы жана таймаштары тууралуу жаңылык менен ыкчам таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Риодогу Олимпиаданын жаңылыктары менен Sputnik агенттигинин порталында жана социалдык тармактардан таанышууга болот.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0