Байдаркачылар биринчилик үчүн Ала-Арча суусунда жарышат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБайдаркачылар. Архив
Байдаркачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чараны Республикалык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-ѳспүрүмдѳр мектеби

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ала-Арча суу сактагычында бүгүнтөн тарта 7-июлга чейин байдаркада калак менен сүзүү боюнча Кыргызстандын биринчилиги болот. 

Суу спортунун түрлѳрү боюнча аталган биринчилик Республикалык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-ѳспүрүмдѳр мектеби тарабынан уюштурулууда. 

Ушул эле мектеп июлдун биринчи декадасында оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатын өткөрөт. Чемпионат Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0