Кикбоксчу Алексей Федосеев чемпиондук титулун сактап кала алган жок

© Фото / предоставлено Алексеем ФедосеевымКыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев. Архив
Кыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер буга чейин чемпион болгон. Бирок, Франциялык Сальвадор Дилан менен болгон беттеште утулуп, чемпиондугун коргой алган жок.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев WAKO-PRO версиясынын К-1 бөлүгү боюнча өзүнүн чемпиондук титулун коргоп кала алган жок. Бул тууралуу Combat Press сайтында кабарланды.

Ал франциялык Сальвадор Дилан менен беттешкен. 

"Төртүнчү раундда француздун тийген чыканагынан Федосеевдин кашы сыйрылып кетип, оюн токтотулган. Беттеш техникалык нокаут менен аяктады", — деп сайтта маалымдалды.

Маракана стадиону, Рио-де-Жанейро, Бразилия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Риого аттанар алдында. Кыргыз спортун өстүрүү үчүн ата-текке, канга көңүл бөлүш керек
Беттеш Monte-Carlo Fighting Masters турниринин алкагында Монте-Карло (Монако) шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, Федосеев аталган категория боюнча чемпион болгон, бирок Сальвадор Дилан менен болгон беттеште чемпиондугун сактап кала алган эмес. Учурда мушкердин WBKF жана W5 версиялары боюнча дүйнөлүк чемпион деген титулу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0