"Азия MIX" КВН командасындагы Маратик Кличко менен тиш кайрашат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык боксчу жана "Азия-MIX" КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманалиев. Архив
Кыргызстандык боксчу жана Азия-MIX КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер жана КВН оюнчусу Марат Жуманалиев Кличко маданияттуу мушкер деген пикирде.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу жана "Азия-MIX" КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманалиев атактуу мушкер Владимир Кличконун спарринг-өнөктөшү болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жуманалиев өзү билдирди. 

Тренер Владимира Кличко @johnathon_banks @klitschko_official

Фото опубликовано Марат (@marat_dms) Июн 13 2016 в 2:32 PDT

"Ноябрь айында Кличко Тайсон Фьюриге жеңилип калган. 9-июль күнү реванш-беттешүү болот. Владимир мени Мюнхендеги машыгуучу базасына чакырып, даярдыкка жардам берүүнү сунуштады", — деди Жуманалиев. 

Ал Кличко менен спарринг кылууга бардык жагынан дал келерин айтып, сунушка дароо макул болгонун кошумчалады. 

"Бул сунуш кимге жакпайт? Владимир Кличко маданияттуу адам катары мага жакшы таасир калтырды. Анын үстүнө чоң атасынын сөөгү да Кыргызстанга коюлган", — деди спортчу. 

Машыгуулар күн сайын эки жолу, эки сааттан өтөт. Жуманалиев Германияда 1-июлга чейин болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0