Англия Европа чемпионатынын алкагында 1-турда бир да жолу жеңишке жеткен эмес

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссия менен Англиянын беттеши
Россия менен Англиянын беттеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англия ушуну менен тогузунчу ирет турнирдин тандоо турунан өтүп, тайпа ичинде беттеш өткөрүүдө. Буга чейинки оюндардын төртөөсүндө жеңилүү ызасын татса, төртөөсүндө тең чыгуу болгон.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Англиянын футбол боюнча курамасы Европа чемпионатынын алкагындагы биринчи турда бир да жолу жеңишке жеткен эмес.

Англия бул жолу да салтын улай Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцский мыкты аталышты.

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАнглия Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Англия Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Англия Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБеттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцксий мыкты аталышты.
Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцксий мыкты аталышты. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцксий мыкты аталышты.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАнглиялык Эрик Дайердин голу
Англиялык Эрик Дайердин голу - Sputnik Кыргызстан
3/4
Англиялык Эрик Дайердин голу
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиялык футболист Василий Березуцскийдин голу
Россиялык футболист Василий Березуцскийдин голу - Sputnik Кыргызстан
4/4
Россиялык футболист Василий Березуцскийдин голу
1/4
Англия Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
2/4
Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцксий мыкты аталышты.
3/4
Англиялык Эрик Дайердин голу
4/4
Россиялык футболист Василий Березуцскийдин голу

Англия ушуну менен тогузунчу ирет турнирдин тандоо турунан өтүп, тайпа ичинде беттеш өткөрүүдө. Буга чейинки оюндардын төртөөсүндө жеңилүү ызасын тартса, төртөөсүндө тең чыккан.

Англия үчүн ийгиликтүү деп эсептелген 1968чи, 1996-жылдардагы турнирлерде дагы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тарткан. Эске сала кетсек Англия бул жылдары Европа биринчилигинде үчүнчү орунду элеген.

Франциянын Марсел шаарында Россия менен Англиянын командалары тең чыккандан кийин болгон жаңжал - Sputnik Кыргызстан
Марселдеги баш аламандыктан 40ка жакын киши жабыркады
Ал эми Россия алтынчы ирет турнирге катышууда (1992-жылы КМШ өлкөлөрүнүн курамасы катары катышкан). Англиядан айырмаланып Россия буга чейин биринчи оюнда 2012-жылы Чехияны 4:1 эсебинде утуп алган.

Белгилей кетсек, эки команда буга чейин Евро-2008 турниринин тандоо турунда беттешкен. Алгачкы оюнда Англия 3:0 эсебинде жеңишке жетсе, экинчи беттеште 1:2 эсебинде Россияга утулган. Аталган турнир Россия үчүн ийгиликтүү болуп, футболчулар коло медаль тагынышкан.

Эгерде тарыхты карай турган болсок, 1968-жылы СССР курамасы менен Англия кезигип, оюн 0:2 эсебинде англиялыктардын пайдасына аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0