Футбол боюнча улуттук курама Иранга утулуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран командасы FIFA рейтинги боюнча Азияда биринчиде турат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иран командасына утулуп калды. Бул тууралуу КРдин футбол боюнча федерациясы билдирди. 

Кыргызстандын курама командасы өлкөнүн чемпиону Оштун Алай командасы менен ойноодо - Sputnik Кыргызстан
КРдин курамасы Оштун "Алай" командасынан утулуп калды
Жолдоштук беттеш Ирандын Тегеран шаарындагы "Азади" стадионунда өттү. 

Эсеп оюндун алтынчы мүнөтүндө ачылып,11-метрден гол жараткан Ирандын жарым коргоочусу Масуд Ходжаи мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. 

Мындан сырткары, Кыргызстандын дарбазасына жоопсуз дагы беш гол кирип, 6:0 эсебинде жергиликтүү команда жеңишке жетти. 

Эске сала кетсек, Иран командасы FIFA рейтинги боюнча Азияда биринчи сапта турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0