Футбол: Иран — Кыргызстан беттеши Тегеран шаарында өтмөй болду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболучлар машыгуу учурунда. Архив
Футболучлар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган беттеш буга чейин Карадж шаарында өтөрүн кабарлаган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Иран — Кыргызстан жолдоштук беттеши Тегеран шаарында өтмөй болду. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Кыргызстандын футбол курама командасы беттештин соңунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол боюнча улуттук курамасы FIFA рейтингинде Топ-100дөн ыргып кетти
Буга чейин ФИФА расмий сайтына Иран менен Кыргызстан командаларынын оюну Карадж шаарында өтөрүн кабарлаган. 

Ирандын Футбол федерациясы өзгөртүүлөрдү киргизип, беттеш Тегеран шаарындагы "Азади" стадионуна которулганын билдирди. Оюн бүгүн, 7-июнда Бишкек убактысы боюнча 22:30да болот. 

Өзгөрүүлөр эмнеден улам болгондугун Иран тарап тактаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0