Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында КРдин курама командасы биринчи болду

Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы жалпы эсепте Казакстан менен Иранды артка таштап, биринчи орунга чыккан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Республикалык атайылаштырылган балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

Биринчилик 1-5-июнь күндөрү Филиппин мамлекетинин борбор калаасы Манила шаарында өттү. Кыргызстандан сегиз балбан, башкы машыктыруучу жана бир калыс барды.

"120 килограммга чейинки салмак категориясында Узур Жусупбеков алтын медалга ээ болду. Мындан тышкары, дагы үч балбан күмүш медаль тагынса, үчөө коло медал алышты", — деди Эргешов.

Бардык турнирлердин жыйынтыгы менен кыргызстандык команда жалпы эсепте биринчи орунду камсыздады.

Жаңылыктар түрмөгү
0