Кыргызстандык мушкер Хуршид Абдуллаев профессионалдык рингде 12-беттешин өткөрөт

Жазылуу
Мушкер профессионалдык бокста 11 беттеш өткөрүп, анын тогузун жеңип, бир тең чыгуу жана бир жеңилүү ызасын тарткан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бир аптадан кийин кыргызстандык мушкер Хуршид Абдуллаевдин профессионалдык бокстагы 12-бетеши өтөт. Бул тууралуу анын менеджери Жаныш Осмон билдирди.

"2016-жылдын 11-июнь күнү кыргызстандык мушкер Хуршид Абдуллаев профессионалдык бокстагы 12чи беттешин өткөрөт. Ал жергиликтүү боксчу Арон Кули менен беттешет. Кармаш Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында болот", — деп жазат Жаныш Осмон.

Хуршид Абдуллаев 1989-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Учурда ВКВ уюмунун версиясы боюнча орто салмак боюнча дүйнө чемпиону болуп саналат. Профессионалдык бокста 11 беттеш өткөрүп, 9 жеңиш, бир тең чыгуу жана бир жеңилүү ызасын таткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0