Крестинин: улуттук команданын көрсөткөн оюнуна нааразымын

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында футбол боюнча улуттук курама команда менен "Алай" футболдук клубдары беттешип, жергиликтүү клуб 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу командасынын оюнуна канааттанган жок. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Кечээ, 2-июнь күнү Ош шаарында улуттук курама команда менен "Алай" футболдук клубдары беттешип, жергиликтүү клуб 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндагы жалгыз голду Алия Силла пенальтиден киргизген. 

"Команда өтө начар оюн көрсөттү. Мен оюнчуларга такыр канааттанган жокмун. Беттеш боюнча сөзсүз түрдө териштирүү болуп, каталарды аныктайбыз", — деди машыктыруучу. 

Ал оюнчулардын каталары азыр билингени жакшы болгонун кошумчалады. 

Эскерте кетсек, беттеш 7-июндагы Иран командасы менен жолдоштук оюнга даярдык катарында өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0