WMMAA өкүлү: Ысык-Көл мусулман мушкерлеринин машыгуусу үчүн эң ыңгайлуу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асель Минбаева эмне үчүн "эрежесиз эр уруш" деген сөздү бирөөгө айтсаңыз сизди сыйлабай калышарын жана биздин балдар чет элдик мушкерлерди эмнеси менен жеңе ала турганын билип көрдү.

WMMAA дүйнөлүк ассоциациясынын арбитраждык сотунун ага катчысы Адель Файзуллин Кыргызстан жөнүндө ушундай айтты дейсиз, аны угуп отуруп "ооба-ооба, биз ошондойбуз, биздин колубуздан келет" деп баш ийкей бергиң келет. "Эрежесиз эр урушка" эч кызыкпасаңыз да, баары бир окуп коюңуз. Бул маекке чейин мен да ага эч кызыкчу эмесмин. 

— Мени редакция өз тапшырмасы менен жөнөтүп жатканда, бирөө MMA — жөн гана эрежесиз эр уруштун жалпы аталышы деп айтты эле. Чын эле ошондойбу?

— Жок, эч андай эмес. "Эрежесиз эр уруш" деген сөздү 90-жылдардын акырында бульвардык басманын журналисттери ойлоп табышкан. Алар өз макалаларына элдин көңүлүн бургулары келген. 

ММА же аралаш мушташтар өтө катуу эрежелерге баш иет. Айрым спортчуларга бул сөз ушунча жакпагандыктан, аны айткан киши менен такыр сүйлөшпөй да калат.

— Сиз Оштогу турнирде калыс болгонсуз. Биздин балдар жөнүндө кандай ойдо калдыңыз?

Улакчынын тукуму — Екатеринбургда кыргыз намысын коргоого аттанган Үмүтай
— Бул жакка келерде маанайым анча эмес болчу. Эч деле бир бөтөнчө нерсе көрөм деп күткөн эмесмин да! Бирок мени эки нерсе таң калтырды: биринчиден, күрөшчүлөрдүн уюшкандык деңгээли. Спортчуларды таймаштын регламентин сактатуу өтө кыйын. Кыйын дейм да, бул деги эле мүмкүн эмес! Ошто күрөшчүлөр эмнеге келишкенин жакшы түшүнүшөт экен. Алар эрежелерди бек сакташты. 

Экинчиден, эки жүз беттешүүнүн бири да катардагы эле, кадыресе кармаш болгон жок. Алардын жарымын мен кайра жыргап көрмөкмүн. 

— Сиз аралаш мушташ боюнча эл аралык таймаштарда калыстык кыласыз. Биздин спортчулардын арасында эл аралык турнирге чыгууга татыктуулары барбы?

— Мен иштешүүнү каалаган балдар бар экен. Болгондо да, алардын баары тең эле жеңүүчүлөр эмес. Силерде бир спортчу күтүлбөгөн кокустуктун айынан жеңилип калды, бирок анын дегээли эл аралык таймаштарда өлкөнүн намысын коргогонго жарайт. 

— Ийгиликсиз таймаштан кийин өмүр бою майып болуп калган учурлар көп болобу? 

— Биринчиден, аралаш мушташтын тарыхында өлүмгө алып келген таймаш эч болгон эмес. Ал тургай, спортту таштагыдай майып кылган бир да учур кездешкен эмес. 

Олимпиада белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Эркин Адылбек уулу Риодогу Олимпиадага жолдомо алды
Калыстын башкы милдети — спортчулардын жаракат алуусунун алдын алуу. Таймашты убагында токтотуу. Анан калса, кежигеге, ичтин төмөн жагына урууга тыюу салынган. Баш менен урууга да болбойт. Бармактарды кайрууга, ооз-мурунду керүүгө тыюу салынат.

Эгер дарыгер канды эки мүнөттө токтото албаса, ал спортчу таймаштан четтетилет. Дарыгерсиз деги эле турнирди эч ким баштабайт. Мейли, мектептин спортзалында өтчү райондук мелдеш болсун. 

Мисалы, Оштогу турнирде биз бир күчтү мушкерди таймаштан алдык. Ал таймашты нокаут менен уттурду. Дарыгер болсо өзүнө келе элек деп эсептеген үчүн, спортсмендин сонун мүмкүнчүлүктөрү бар экенине карабай, кийинки таймашка чыгарбай коюшту. 

— Биздин мушкерлердин башкалардан айырмасы эмне? Биз баарын эмне менен жеңе алабыз?

— Кыргызстандын мушкерлеринин жалпы бир мүнөзү бар экен — алар баарын бетке айтышат жана ишин аягына чыгара билишет. Алар түз, ачык жана кийинки кадамы кандай болору билинип турат. Дал ушунун өзү кармаштын аягында атаандаш өз жеңишине ишенип турган чакта кармаштын жүрүшүн өз пайдасына буруп, аны убактысынан мурун муунтуп же нокаут менен бүтүргөнгө мүмкүндүк берет. Мен мындайды көп жолу көрдүм.

— Мурда СССРдин бардык бурчунан биздин Ысык-Көлгө спортчуларды машыгууга алып келишер эле. Ал жакта кайталангыс бир шарттар бар деп калышат.

— Көтөрүмдүүлүк, чыдамкайлык талап кылынган бардык спорттун түрүндөй эле аралаш урушта деңиз деңгээлинен 1000 метрден жогору тоолордо машыгышат. Ал жакта адамда бир аз кычкылтек жетишпей калат. 

24 жаштагы тай боксчу Шахриза Халилова - Sputnik Кыргызстан
Тай боксчу Шахриза: мурдумду далай сындырышты, мен да эч кимди аяган жокмун
Ысык-Көл бул жагынан абдан ыңгайлуу: көлгө жакын жерде кислород көп, андан бир аз жогору көтөрүлгөндө эле — бүттү, аба суюлуп кетет. Силерде унаа байланышы өрчүгөн, тамак-аш жагы жакшы, байланыш бар, медицина жагы жакшы — баары талаптагыдай. 

Андан тышкары, көпчүлүк өлкөлөрдө алдыңкы мушкерлер ислам динин тутушат. Алар үчүн машыккан жерлерде адал тамактын болушу өтө маанилүү. Мен өз жолдошторума Ысык-Көлдү машыгууга чогулуу үчүн жай катары кеңеш кылам. 

— Силер көргөн турнирдеги мушкерлердин арасында бийик тоолуу жерде жашагандар да бар болчу. Алардан сиз ошол чыдамкайлыкты көрдүңүзбү?

— Силердин айрым 80 салмактуу чоң мушкерлериңер жеңил атлеттердей ийкемдүү кыймылдашат. Спортсмен канчалык чоң болсо, анын кыймылы жай болот: ал күчүн сакташы керек, өзү чоң да. А бул жерде болсо өтө ыкчам келишет. Мен атайын сураштырып көрдүм: ооба, чын эле ал балдар тоолуу аймактардан экен. Эмне үчүн кавказдыктар Россияда даярдыгы эң жогору деп эсептелет? Анын бир себеби ушул. 

— Мурда бир "Криминальная Россия" деген берүү бар болчу. Анда 90-жылдары мушкерлердин спорт клубдары бандиттер үчүн кадрлар чыккан жер деп айтылар эле. Азыр бир нерсе өзгөрдүбү? 

— Ал кезде кеп спортто эмес, саясий, экономикалык кырдаалда болчу. Бандит кадыр-барктуу жана жаштарга үлгү сыяктуу эле. Уюшулган кылмыштуу топтор кишилерди өзүлөрүнө оңой эле кошуп алчу. Албетте, спортчулардын даярдыгы жакшы болгон үчүн бандиттерге пайдалуурак эле да. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовWMMAA дүйнөлүк ассоциациясынын арбитраждык сотунун ага катчысы Адель Файзуллин
Старший секретарь арбитражного суда Всемирной ассоциации WMMAA Адель Файзуллин - Sputnik Кыргызстан
WMMAA дүйнөлүк ассоциациясынын арбитраждык сотунун ага катчысы Адель Файзуллин

Бирок алар өзүлөрүнө мушкерлерди гана эмес, волейболчуларды, сууда сүзүүчүлөрдү, футболчуларды тартышчу: күчтүү балдардын баары керек болчу. Азыр спорткө кылдат көз салынат. Мага белгилүү өлкөлөрдүн баарында спорттун күрөш түрлөрү укук коргоо органдарынын катуу көзөмөлүндө.

Жөнөкөй бир шарты бар: эгер биз мушкерге спорт менен машыгууга мүмкүндүк берип, жакшы моралдык чөйрө менен камсыз кылсак, ал үчүн кылмыш чөйрөсүнө кетүүнүн зарылдыгы жок. 

— Спортсмендер каржылоонун жетишсиздигине даттанган учурлар көп. Хоккеисттерди түшүнөм: жакшы форма, муз аянты канча турарын баары эле билет, же лыжа тепкендерди алалы. Бирок акчанын жоктугуна мушкерлер эмнеге арман кылышат?

Валентина Шевченко атактуу UFC видео оюнунун каарманы болду
— Мушкерге курал-жабдыктын кереги жок деп сиз терең жаңылышасыз. Мисалы, чакан залга эсептелген мат миллион рублга чейин турушу мүмкүн. Спортчунун денесин бетон төшөөдөн коргоп турган нерсе ошол да. 

Аралаш мушташты сокку берүүчү техника көп колдонулат, демек, "груша", мүшөктөрдү сатып алыш керек. Кол кап, корпуска төшөм жана албетте, ринг керек. 

Күрөш — бул көрсөтмөлүү спорт. Спортчулар белгилүү уюмдардын чыгарган кийимдерин тандашат. Мунун баары чогулуп келип акча турат.

— Сиздин көзүңүзчө бирөөнү бетке уруп жатса, сиз аны аяп кетесизби?

— Жок, албетте! Адам жырткыч келет. Ага кызуу кандуулук мүнөздүү. Таймаш учурунда ошол табигый жинин эркек чыгарып алса, анын тегерегиндегилер үчүн бул абдан жакшы. Мушкерлердин көбү турмушта сабырдуу жана маданияттуу адамдар. 

— Аялдардын мушташында болгонсузбу?
— Ооба. 

— Бизде аял киши үй очогун сактаган жумшак, назик болушу керек деген ой калыптанган. Мында болсо рингге чыгып, бирөөнү "сабаш" керек …

— Мен ал ойго негизи кошулам. Эч кимди таарынткым келбейт, бирок бул кыздарда эркекке мүнөздүү нерселер көп. Жүрүм-туруму ошол. Билсеңиз, белгилүү аял-мушкерлердин жарымы менен мен рингге чыкмак эмесмин. 

Жаңылыктар түрмөгү
0