Республикалык спартакиада: Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекОкуучулар өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада
Окуучулар өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спартакиадага жалпы билим берүү мектептер менен гимназияларда билим алган, 18 жаштан ылдыйкы курактагы 350 улан-кыздар катышты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекӨлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду
Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду
© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекСпартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты
Спартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Спартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты
© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекСпартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды.
Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды.
1/3
Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду
2/3
Спартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты
3/3
Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды.

Таймаштар спорттун 15 түрү — баскетбол, волейбол, тогуз коргоол, стол тенниси, шахмат, мини-футбол, эркин жана грек-рим күрөштөрү, кадимки күрөш, бокс, ордо, жеңил жана оор атлетика, самбо, таэквондо боюнча өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин футболчулары Азиянын мыкты командасы менен күч сынашат
Спартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты.

Спорттук таймаштарга жалпы билим берүү мектептер менен гимназияларда билим алган, 18 жаштан ылдыйкы курактагы улан-кыздар катышты.

Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды. Экинчи орунга Чүй облусунун, ал эми үчүнчү орунга Ысык-Көл облусунун командалары ээледи. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт Башкармалыгынын кубоктору, медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0