КТРК футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык оюндарын түз эфирден көрсөтөт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФутбол. Церемония жеребьевки чемпионата Европы 2016
Футбол. Церемония жеребьевки чемпионата Европы 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндарга КТРК Спорт телеканалынын адистери түшүндүрмө берип, коштоп турушат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорация (КТРК) футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык оюндарын түз эфирде көрсөтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Биринчилик 10-июндан 10-июлга чейин Францияда өтөт. Ага Европанын эң күчтүү 24 командасы катышат.

Карыпбековдун айтымында, оюндар КТРК жана КТРК Спорт каналдары аркылуу тартууланат. Түз алып көрсөтүү укугу Европа футбол ассоциациялар союзунан (УЕФА) сатып алынган.

"Негизги каналда айрым оюндар көрсөтүлбөй калышы мүмкүн, анткени программа алдын ала түзүлгөн. Ал эми КТРК Спорт каналы үзгүлтүксүз көрсөтөт. Оюндардын тартиби алдын ала жарыяланат", — деди Карыпбеков.

Мындан тышкары, оюн үчүн жаңы комментаторлор тартылбайт.

"Эң мыктылары коштоп турат. Бизде 25 комментатор бар. Алардын арасында өзүн жарым жылда эле көрсөтө алган мыктылар бар", — деди башкы директор.

Карыпбеков күйөрмандар үчүн КТРКнын өзүнүн купуя белектери бар экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, КТРК Спорт каналы 2015-жылдын декабрь айында ишке кирген. Учурда ал футбол боюнча Германия менен Испаниянын чемпионаттарын көрсөтүп жатат. Мындан тышкары, Чемпиондор лигасы менен Англиянын премьер-лигасын көрсөтүүнү пландаштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0