КР футболчулары машыгуусун мөөнөтүнөн кеч баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар машыгуу учурунда. Архив
Футболчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач машыгуулар 23-майга белгиленген. Бирок Өзбекстандын футбол федерациясы 2-июнга белгиленген беттешүүдөн эч себепсиз баш тарткан. Мындан улам машыгуунун мөөнөтүн беш күнгө жылдыруу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгууларын беш күнгө кеч баштай турганын КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Белгилүү футболчу Азамат Байматов Бахрейндин алдыңкы клубуна өттү
Алгач машыгуулар 23-майга белгиленген. Бирок Өзбекстандын футбол федерациясы 2-июнга белгиленген беттешүүдөн эч себепсиз баш тарткан. Машыгуулардын мөөнөтү ушундан улам жылган.

Пландаштырылган оюн алкагында башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюнчуларды 23-майга чакырган. Эми машыгуулар 28-майда баштала турган болду.

Өзбекстанга чейин Ливан да президенттик шайлоодон улам кыргызстандык футболчулар менен ойноодон баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0