"Севилья" Европа лигасын катары менен үч жолу утуп алды

© REUTERS / Dylan MartinezИспаниянын "Севилья" командасы футбол боюнча Европа лигасын утуп алды
Испаниянын Севилья командасы футбол боюнча Европа лигасын утуп алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англиянын "Ливерпуль" командасы мелдештин башында гол киргизгени менен атаандашы күчтүүлүк кылды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Испаниянын "Севилья" командасы футбол боюнча Европа лигасын утуп алды.

"Барса" Испаниянын футбол боюнча чемпиону аталды
Мелдештин финалында испаниялыктар Англиянын "Ливерпуль" командасы менен беттешкен. Алардын беттеши Швейцариянын Базель шаарындагы "Санкт-Якоб Парк" стадионунда өткөн.

Алгачкы эсепти 35-мүнөттө "Ливерпуль" командасынын оюнчусу Даниэл Старридж ачты, бирок 11 мүнөт өткөндөн кийин эсепти Кевин Гамейро теңеген.

Экинчи таймда Коке катары менен эки гол киргизип, командасын 3:1 эсебинде алдыга чыгарды.

Ошентип "Севилья" Европа лигасын катары менен үч жолу утуп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0