Жөө күлүк Илья Тяпкин Рио Олимпиадасына катышат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКыргызстанец Илья Тяпкин. Архивное фото
Кыргызстанец Илья Тяпкин. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жөө күлүк нормативди аткаруу үчүн 19 секунд жетпей калган. Бирок буга карабастан спортчуга Рио оюндарына катышууга жолдомо берилген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында боло турчу жайкы олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алды. Бул маалыматты КР Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Мельдоний — допинг чыры: Шараповадан Кенжеевге чейин
Анын айтымында, Тяпкин 8-майда Прагада (Чехия) өткөн эл аралык лицензиялык марафонго Кыргызстандын атынан Виктория Полюдина менен Илья Тяпкин катышкан. Лицензиялык бул мелдеште жөө күлүктөр 42 чакырым 195 метрди 2 саат 19 мүнөттө чуркап өтүшү керек болчу. Полюдина нормативди аткарып, лицензияга ээ болсо, Тяпкин бул аралыкты 2 саат 19 мүнөт 19 секундда чуркап өтүп, жолдомого ээ болуу үчүн 19 секунд гана жетпей калган.

"КРдин Жеңил атлетика боюнча федерациясы Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерацияга кайрылып, Тяпкинге жолдомо берүүнү өтүнгөн. Кудай жалгап, ага Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн жолдомону квота менен беришти. Эми биздин спортчу Рио оюндарына катышат", — деди Щербаков.

Июнь айында кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда өтүүчү лицензиялык үч мелдешке катышат.

Ошентип Рио оюндарына катышуу үчүн Кыргызстан 13 жолдомого ээ болду. Буга чейин спортчулар жолдомону жеңил атлетика, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс жана оор атлетика боюнча алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0