Мельдоний — допинг чыры: Шараповадан Кенжеевге чейин

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМилдронат деп сатылган, мильдоний допинги. Архив
Милдронат деп сатылган, мильдоний допинги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта спортчуларга мельдоний каражатын колдонууга тыюу салынган. Бирок, март айында дүйнө спортчулары допинг-тест тапшырып, анын жыйынтыктары ызы-чуу чыгарган. Себеби, бир катар спортчулар допинг колдонгондугу аныкталган. Мындай көрүнүш кыргыз спортчуларын да кайгып өткөн жок.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев Олимпиадалык жолдомосунан ажыратылды. Допинг-тест анын организминде мельдоний бар экенин көрсөткөн. 

Мельдоний эмне болгон каражат экенин жана эмне себептен ага тыюу салынганын Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көрдү.

Тарыхынан

Мельдоний 1970-жылы латвиялык окумуштуулар тарабынан мал жандыктарды жана канаттууларды чоңойтуу үчүн иштелип чыккан. Кийинчерээк мельдоний сайылган жаныбарлардын жүрөгүндөгү миокард тамыры күчтөнгөндүгү аныкталып, медицинада колдонула баштаган. 

Боксер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадага барчу КР спортчуларынын кийимин тез арада даярдоо тапшырылды
Аны колдонгон адамдын ден соолугу чың, тырышчаак болору билинген. Мындан сырткары, каражат психологиялык жана физикалык тоскоолдуктарга чыдамкайлыкты арттырары да аныкталган. 

Допингге каршы бүткүл дүйнөлүк агенттиги (ДБДА) тесттин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта мельдонийди кара тизмеге киргизген. 

Дарыны ойлоп тапкан латвиялык биохимик Иварс Калвиньш бул кадамды туура эмес экенин айтып, саясий чечим деп күнөөлөп келет. Окумушуутунун айтымында, мельдонийди колдонууга тыюу салуу спортчулардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Анткени спортчулар жүрөгүн күчтөнтүп туруучу каражаттан кур жалак калышат. 

"Мельдоний" тизмесиндегилер

Бул каражатка (допинг) тыюу салынганына жарым жылдай болгону менен аны колдонуп кармалган спортчулардын катары калыңдап эле калды. Допингге каршы бүткүл дүйнөлүк агенттиктин 16-апрелге берген маалыматына ылайык, тест тапшырган спортчулардын 200үнөн допинг табылса, алардын 40кы россиялык спортчулар.

2016-жылдын 7-мартында теннисчи Мария Шарапова тапшырган допинг тесттен мельдоний каражаты табылып, ал спорттон убактылуу четтетилген.

Бул окуядан кийин бир нече башка спортчулардын тесттеринен да допинг табылганы маалымдалган. Алардын көбү россиялык спортчулар. Аттарын атай турган болсок:

  • Муздан чуркоо спорту боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Павел Кулижников, спорттон убактылуу четтетилген;
  • Кыска аралыкка чуркоо боюнча олимпиада чемпиону Семен Елистратов, убактылуу четтетилген;
  • Кыска аралыкка чуркоо боюнча Европанын чемпиону Екатерина Константинова, убактылуу четтетилген;
  • Көркөм муз тебүү боюнча олимпиада чемпиону Екатерина Боброва, убактылуу четтетилген.
  • Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Евгений Салеев менен Сергей Семеновдун тестинен да допинг табылган. 

Кыргызстан Олимпиадага катышуу үчүн кезектеги жолдомого ээ болду
Бул спортчулардын баарын Допингге каршы бүткүл дүйнөлүк агенттиги кечирген. Себеби мельдоний каражатынын уруксат берген көлөмү белгилүү болгон. 2016-жылдын 1-мартына чейин тапшырылган тестте 1ден 15 микрограммга чейин уруксат берилген. Ал эми 1-марттан кийин тапшырылган тестте 1 микрограммдан аз болушу керек.

Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов мельдоний каражаты жакшы изилдене электигин айтат. Анткени бул каражат кишинин организминде канча убакытка чейин болору белгисиз. Жетекчи Допингге каршы бүткүл дүйнөлүк агенттиги анын кандай көлөмүнүн чегин белгилегени табышмак экенин айтат.

"Ушундай эле кырдаалга Жанарбек Кенжеев да туш болду окшойт", — дейт Аманкулов.

Кандай болгон күндө да Кенжеев Олимпиадалык жолдомосунан кол жууду. Ага карабастан Кыргызстан 12 олимпиадалык лицензиясын сактап кала алды. Эми грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Рио мелдештерине барат. Себеби буга чейин жолдомо алган Лазаревдин атаандаштары допинг чырынан улам лицензиядан кол жууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0