Лицензиядан ажыратылган Кенжеев: күн-түн дебей машыкканым текке кетти

© AFP / MENAHEM KAHANAГрек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги балбан Жанарбек Кенжеевдин Олимпиадалык лицензиядан ажыратылышы, мельдоний деген эмне экенине жана допинг чырына ким күнөөлүү болушу мүмкүндүгүнө кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 13 мая — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев Олимпиадалык лицензиядан мельдоний каражатын пайдаланганы үчүн ажыратылды. Бул окуянын чоо-жайына Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү. 

Мельдоний деген эмне? Аны кантип колдонот?

Мельдоний — бул адамдын күч кубатын арттырып, чыдамкайлыгын көбөйтүүчү дары. Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта бул дарыны кара тизмеге киргизген. 

Окуяга ким күнөөлүү?

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жанарбек Кенжеевди маекке тартты. 

"Биз улуттук курамдын дарыгерлери берген дары-дармектерди гана ичебиз. Алар бул препараттын кара тизмеге киргизилгенин билиши керек болчу", — деди Кенжеев. 

Балбан анын канында кандайча допинг табылгандыгы боюнча тергөө жүргүзүү керектигин айтат. 

"Күн-түн дебей маңдай тер төгүп машыкканбыз. Баары текке кетти", — деди спортчу. 

Бул дарыгердин катасы эмес

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамынын башкы дарыгери Бактыгүл Алишева спортчуларга мельдоний берилбегендигин айтат. 

"Биз бул дарынын кара тизмеге киргени боюнча кабарыбыз бар. Кай бир дарыгерлер декабрдан тартып эле аны колдонуудан алып салган", — деди Алишева. 

Штангист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык штангисттер Риодогу жайкы олимпиадага жолдомо алышты
Ал табылган допинг милдронат жана кардионат дарыларынынын курамында болорун, деги эле мельдоний допингге кирбей турганын кошумчалады. 

"Аталган дары спортчуларга катуу күч келгенде берилет. Мен дасыккан адис катары айта алам. Бул спортчулардын күч-кубатын арттырбайт", — деди ал. 

Алишева эл аралык уюмдун чечими кеч чыгарылганына нааразы экенин айтып, эреже боюнча тесттин жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгышы керектигин билдирди. 

"Кенжеев март айында анализ тапшырган. Бирок жыйынтыгы кеч келди. Эгер эртерээк келгенде калган эки лицензиялуу турнирге башка спортчуларды жөнөтмөкпүз", — деди ал. 

Эч ким күнөөлүү эмес.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов ар кимди күнөөлөөдөн майнап чыкпай турганын билдирди. 

"Бул жерде эч кимдин күнөөсү жок. Мельдоний 1-январдан тартып колдонууга тыюу салынган каражаттардын катарына кирген. Бирок организмде канча көлөмдө болушу керектиги так аныкталган эмес. Андыктан Кенжеевдин канында мельдоний уруксат берилген нормада гана болгон", — деди Аманкулов. 

Ал Кенжеевдин иши боюнча атайын комиссия түзүүнү же сотко кайрылуунун кажети жок экенин кошумчалады. 

"Сотко кайрылуу менен эмне табабыз? Андан көрө Олимпиадага жакшылап даярдансак туура болмок", — деди комитет башчысы. 

Аманкулов лицензия алган бардык кыргыз спортчулары допинг тесттен өткөнүн айтты. 

Допингге текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык теннисчилер допинг колдонбойт — кураманын экс-капитаны
"Кенжеевден сырткары кыргыз спортчулары допинг колдонгон деген маалымат ала элекпиз. Андай маалымат келбейт деген үмүттөбүз", — деди ал. 

Кыргызстандык балбан жолдомого Казакстандын Астана шаарында өткөн лицензиялык турнирде ээ болгон. Эми анын лицензиясы ошол мелдеште коло байге алган индиялык спортчу Равиндера Кхатриге ыйгарылмакчы.

Учурда Кыргызстандын капчыгында Олимпиадага катышуу үчүн он эки жолдомо бар. Өлкөнүн намысын жеңил атлетчилер, грек-рим жана эркин күрөшчүлөр, бир боксчу жана бир штангист коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0