FIFA президенти кыргыз футболун колдоого убада берди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүБүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясынын (FIFA) президенти Джанни Инфантино. Архив
Бүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясынын (FIFA) президенти Джанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инфантиноменен КРдин футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султанов FIFA конгрессинин алкагында Мехико шаарында жолукту.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясынын (FIFA) президенти Джанни Инфантино Кыргызстандын Футбол федерациясын колдоого убада берди. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы билдирди. 

Инфантино менен КРдин футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султанов FIFA конгрессинин алкагында Мехико шаарында жолукту. 

Анда Инфантино кыргыз футболу өнүгүү жолуна түшүп, бир топ ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи. 

"Султанов КРдин Футбол федерациясы FIFA менен биргеликте иштөөгө ар убак даяр экенин билдирсе, Инфантино кыргыз футболун колдоого убада берди", — деп айтылат маалыматта. 

FIFA конгрессине дүйнөнүн 209 өлкөсүнөн өкүлдөр келишкен. Иш-чарада алдыдагы ири таймаштар жана Россияда өтүүчү дүйнө чемпионаты талкууланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0