КРдин футбол боюнча жаштар командасы Азия чемпионатына даярдык көрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-16). Архив
КРдин футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-16). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин улуттук команда алгачкы машыгуулардын алкагында казакстандык клубдун футболчуларын утуп алган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы (U-16) машыгуулардын үчүнчү этабын баштады. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Футболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
ФИФАнын июнь айындагы рейтингинде Кыргызстан 10 тепкичке төмөндөшү мүмкүн
Команда өспүрүмдөр арасында өтүүчү Азия чемпионатына даярдык көрүп жатат. Турнир 15-сентябрдан 2-октябрга чейин Индияда өтөрү белгиленген. Кыргызстан биринчи орундан турнирдин финалдык бөлүгүнө өттү. Квалификациялык оюндар Бишкекте болгон.

Буга чейин биринчи этаптын алкагында улуттук команда казакстандык "Кайрат" клубун утуп алган

Федерациянын берген маалыматы боюнча күзгө чейин машыгуунун 6-7 этабы каралган. Үчүнчү этапка команданын машыктыруучусу Самат Сүймалиев 24 оюнчунун атын атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0