Кытайда этникалык кыргыздар уюштурган "Чоро-2016" футболдук турнири өттү

Жазылуу
Спорттук иш-чара жаштар арасында биримдикти, достукту бекемдөө максатын көздөйт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кытайдын Пекин шаарында этникалык кыргыздар уюштурган "Чоро-2016" аттуу футболдук турнир өткөнүн "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Чемпионатка Кытайдын булуң-бурчунда жашаган кыргыздар чогулуп, жалпысынан "Чоро", "Белес", "Ала-Тоо", "Айкөл", "Кыргызстан" жана "Пекин спорт университети" деп аталган алты команда катышты.

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Бакдөөлөт Токтогулов "Чоро" командасы турнирдин жеңүүчүсү деп табылганын, спорттук иш-чара жаштар арасында биримдикти, достукту бекемдөө максатын көздөй турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0