Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында үч медаль алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчулар беттеш беттеш учурунда. Архив
Боксчулар беттеш беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Континенталдык мелдеш Казакстандын Павлодар шаарында өттү.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Жаштардын Азия чемпионатында үч медаль утушту. Бул тууралуу Бокс боюнча Азия конфедерациясынын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында маалымдалды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде 100-ордун сактап калды
Континенталдык мелдеш Казакстандын Павлодар шаарында өттү.

Кыргызстандык мушкер Нурсултан Маматалы уулу 56 килограмм салмакка чейинки категорияда финалдык беттешке чыкканы менен казакстандык атаандашы Серик Темиржановго утулуп, күмүш медалга татыды.

Дагы эки мушкер Сыргак Жансеитов (49 кг. салмакка чейин) менен Айбек Акылбек уулу (69 кг. салмакка чейин) жарым финалдык оюндарда утулуп калып, коло байгеге ээ болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0