Кыргызстандык делегация Ашхабадда өткөн уникалдуу ат чабышка катышты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАт чабыш. Архив
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара кийинки жылы өтө турган Бешинчи Азия оюндарына арналууда.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын делегациясы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн ат чабышка катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Көзгө атар кыздар жебени бутага тийгизип, Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүштү
Үстүбүздөгү жылдын 5-майында "Ниса" мамлекеттик коругунда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен уюштурулган ат чабыш башталды. Эми 500 күндөн кийин, башкача айтканда кийинки жылдын 17-сентябрында Түркмөнстанда Бешинчи Азия оюндары өтөт.

Өлкө башчысы Бердымухамедов аталган иш-чара түркмөн элинин тарыхый-маданий бай мурасы тууралуу кабар берерин белгилеп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында президенттин катышуусу менен ар өлкөдөн келген делегациялар Ден соолук жолунан басып өтүштү.

Ага чейин кыргызстандык делегация Азия оюндары өтүүчү Олимпиада шаарчасынын курулушу менен таанышып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0